Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

"Мета" компаниясы Threads деген жаңы социалдык түйүнүн ишке киргизди


Threads компаниясынын логосу.
Threads компаниясынын логосу.

Фейсбук жана Whats Аpp социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган "Мета" компаниясы жаңы Threads деген аталыштагы сервисин ишке киргизди.

Ал Твиттерге түз атаандаш болору айтылууда. Социалдык түйүн иштей баштаган алгачкы жети сааттын ичинде ага ондогон миллион адам катталды.

"Убакыт керек, менимче, биздин тиркемеге миллиарддаган колдонуучу катталат. Твиттер мындай мүмкүнчүлүктү багынта алса да, аны туура колдоно албай койду. Биздин колдон келет деген үмүттөмүн", - деди "Метанын" негиздөөчүсү Марк Цукерберг.

Жаңы тиркемеде 500 символдон турган билдирүүлөрдү жазса болот. Ошондой эле узундугу беш мүнөткө жеткен видеолорду, сүрөттөрдү жайгаштырууга мүмкүнчүлүк бар.

Эксперттердин пикиринде, Илон Маск киргизген жаңы эрежелерге ичи чыкпаган Твиттердин колдонуучуларынын көбү жаңы социалдык түйүнгө өтүп кетиши ыктымал.

Былтыр Твиттердин башына келген Маск дароо эле компаниянын топ-менежерлерин иштен алып, андан кийин кызматкерлердин 80% кыскарткан. Июль айынын башында эле бекер аккаунттар күнүнө окуй алчу посттордун санына чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG