Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Депутат Сарбагышев "чет элдик өкүл" долбооруна автор болуудан баш тартты


Максатбек Сарбагышев.
Максатбек Сарбагышев.

Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканы белгилүү болду. Бул тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева 6-июлда Фейсбукка жазды.

5-июлда парламенттин депутаттары Шайырбек Ташиевдин да ушул мыйзамдын авторлугунан баш тартканы белгилүү болгон. Бир катар маалымат каражаттары аны менен кошо депутаттар Нурбек Алимбеков менен Айгүл Айдарова да баш тартканын жазып чыгышкан. Алар азырынча маалымат бере элек.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан. Ошентип учурда мыйзам долбооруна 20 депутат автор бойдон турат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет аны 27-июнда 1-окууда карай турганы маалымдалган, бирок маселе күн тартибине кирген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG