Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

Эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырылды


ЖРТдан эң жогорку балл алгандарга ыйгарылган "Алтын сертификаттар".
ЖРТдан эң жогорку балл алгандарга ыйгарылган "Алтын сертификаттар".

Президент Садыр Жапаров 6-июлда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырды. Ал мектептердеги жалпы билим берүүнүн сапаты жогорулаганын, өткөн жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы 119,8 болсо, быйыл 121,9 баллга чейин жогорулаганын белгиледи.

Мамлекет башчысы мамлекет өлкөнүн бардык аймактарындагы окуучуларга кам көрүп жатканын, алар үчүн бардык шарттар камтылган жаңы мектептер курулуп жатканын айтты.

“Балдарыбыз ушундай заманбап мектептерде билим алышы – биздин башкы максатыбыз жана тилегибиз. Бирок ошол үй-бүлөдө, бала бакчада, мектептерде кандай тарбия, кандай билим берилип жатканы – башкы маселе, ойлондуруучу жагдай. Азыркы жаштар мобилдүүлүгү жана жигердүүлүгү менен тез өзгөрүлүп жаткан коомго оңой адаптация болушу зарыл. Буга эң алды менен ата-энелер, тарбиячылар жана мугалимдер өтө чоң маани бериши кажет”, - деди президент.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.

Алардын ичинен эң көп - 236 упайды Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61 физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты.

Жалпысынан Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алды. Ага илингендердин ичинен 11 бүтүрүүчү эң аз - 223 упай топтогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG