Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Караколдо жоголгон эки кичинекей кыздын сөөгү каналдан табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жоголгон эки жана беш жашар кыздардын сөөгү Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылганын кабарлады.

Кыздар көчөдө ойноп жүрүп жоголгону тууралуу 6-июлда күндүзгү саат 3төр чамасында маалымат түшкөн жана ошондон тартып издөө токтогон эмес.

Мунун алдында аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген. Бейшембиде, 6-июлда эле өлкөдө төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын, бир адамды издөө уланып жатканын маалымдаган. Кырсыктар Чүйдөгү Люксембург жана Жаңы-Турмуш айылдарында, Жети-Өгүздө жана Чолпон-Ата шаарында болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 50дөн ашык адам сууга чөгүп каза болду жана кырсык бул былтыркы жылдын ушул маалына карата 25% өстү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашык жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган. Мындан улам милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдаган.

ӨКМнын маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG