Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Өзбекстанда шайлоочулардын теңинен көбү добуш берди

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү ачылып жаткан кезде.
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү ачылып жаткан кезде.

Өзбекстанда 9-июлда өтүп жаткан президенттик шайлоодо саат 14:00гө карата 10 миллиондон ашуун жаран добуш берип, катышуу 52% ашканын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Бул көрсөткүч өлкөдө президенттик шайлоо өттү деп эсептөөгө негиз болот. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат.

Президенттикке Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, “Адолат” социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушукур Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев ат салышууда.

Шайлоодо оппозициядан талапкер жок. Ага катышууга аракет кылган Хидирназар Аллакуловдун “Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын" Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун колтамгалары жетишсиз экени жүйөө келтирилген.

30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Президенттик мөөнөт эми беш эмес, жети жыл болот. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү нөлгө теңелип, 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү берилди.

36 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда шайлоодо добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 19 миллион 270 миңден ашат.

​
XS
SM
MD
LG