Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Зеленский менен Дуда Украинанын Луцк шаарында жолугушту


Украина менен Польшанын президенттери Владимир Зеленский жана Анжей Дуда жекшемби күнү Луцк шаарында жолугушту. Украинанын батышындагы Волын облусунун административдик борборундагы сапар тууралуу алдын ала айтылган эмес.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусу 1943-жылдагы Волын трагедиясы деген окуянын сексен жылдыгынын алдында өттү. Анда Украинанын козголоңчу армиясынын күчтөрү поляк тектүү 50 миңден ашуун жергиликтүү аскерлерди жок кылганы айтылат.

"Өлтүрүлгөн поляктарга Украинанын президенти Владимир Зеленский менен бирге таазим кылабыз", — деп жазды Анжей Дуда Твиттерде.

1943-жылкы бул апаатты чечмелөө Польша менен Украинанын жалпы тарыхындагы эң татаал маселелердин бири. Буга чейин Анжей Дуда акыркы жылдары украин өкмөтү бул аймакта жакындашуу үчүн көп иштерди жасаганын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG