Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Кытайда бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши мерт болду


Кытайдын Сычуань провинциясындагы бала бакчанын сыртында турган полиция кызматкери. Бала бакчадагы балдарга 2018-жылы белгисиз аял ашкана бычагы менен кол салган. 26-октябрь, 2018-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок сүрөт.
Кытайдын Сычуань провинциясындагы бала бакчанын сыртында турган полиция кызматкери. Бала бакчадагы балдарга 2018-жылы белгисиз аял ашкана бычагы менен кол салган. 26-октябрь, 2018-жыл. Жаңылыкка тиешеси жок сүрөт.

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясындагы бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши мерт болуп, бир адам жараат алды.

Бул тууралуу Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы полицияга таянып жазды. Набыт болгондор арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч бала болгону кабарланды. Бычак менен кол салууга шектүү 25 жаштагы адам камалганы маалым болду.

Полиция "атайылап жасалган кол салуу" деп атаган окуя 10-июлдун таңында Ляньцзян уездинде болду. Кылмышкер эмне себептен буга барганы азырынча белгисиз.

Соңку жылдары Кытайда бычак менен коомдук жайларда, анын ичинде мектептерде кол салган окуялар көп катталууда.

Былтыр августта өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясындагы бала бакчага белгисиз адам бычак менен кирип барып үч кишини өлүмүнө себепчи болгон.

2021-жылдын апрелинде Бэйлюй Гуанси-Чжуан автоном районундагы бычак менен жасалган кол салуудан эки бала каза таап, 16сы жараат алган.

XS
SM
MD
LG