Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Орусиялык генерал Герасимов "куралдуу козголоңдон" кийин биринчи жолу элге көрүндү


Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, Украина аймагындагы Бириккен Күчтөр тобунун командири Валерий Герасимов. 16-декабрь, 2022-жыл.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, Украина аймагындагы Бириккен Күчтөр тобунун командири Валерий Герасимов. 16-декабрь, 2022-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги 10-июлда Башкы штабдын жетекчиси, Украина аймагындагы Бириккен Күчтөр тобунун командири Валерий Герасимовдун видеосун жарыялады.

Бул 23-24-июндагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин уюштурган "куралдуу козголоңдон" берки генералдын алгач ирет коом алдына чыгышы. Буга чейин анын кызматтан алынганы тууралуу кептер тараган.

9-июлда тартылды делге видеодо Герасимов аскердик жетекчилердин баяндамасын угуп, Украинадагы ракеталык обьектилерди жок кылуу тууралуу буйрук бергенин көрүүгө болот.

Пригожиндин "козголоӊунан" бир нече күн өткөндөн кийин таанымал командирлер коомго көрүнбөй калган. Пригожин Валерий Герасимовду катуу сындап келген.

67 жаштагы Герасимовду Путинге берилген киши деп мүнөздөшөт.

Министрлик жарыялаган видеодо Бириккен Күчтөр тобунун командиринин орун басары, генерал Сергей Суровикин көрүнгөн жок. Анын кайда экени ушул күнгө чейин белгисиз. Айрымдар ал камалганын жазса, башкалары сурактан кийин кое берилген деген маалыматтарды таратууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG