Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Монголия: Жапаров жез өндүргөн заводдун иши менен таанышты


Садыр Жапаров "Эрдэнет" заводуна барды.
Садыр Жапаров "Эрдэнет" заводуна барды.

Президент Садыр Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында 10-июлда Эрдэнет шаарына барды. Анын басма сөз кызматы аталган шаардагы тоо-кен заводунун иши менен таанышканын кабарлады.

"Садыр Жапаровго “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелери, жылына 40 млн. тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жатканы жөнүндө маалымат берилди. Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет, совет жана монгол өкмөттөрү "Эрдэнэт" жез-молибден кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири бойдон калууда. Кыргызстанда алтын-жез концентраттарынан жезди алып чыгаруу боюнча фабрикалар жана технологиялар жок экендигин эске алуу менен, кыргыз тарапка бул тажрыйба кызыктуу. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап бул рудаларды чет өлкөдөн кайра иштетүүгө аргасыз болууда",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Жапаров Монголиядагы мамлекеттик сапарынын алкагында монгол президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койгон. Анын алкагында тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий, коопсуздук, тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана туризм өңдүү бир катар тармактарда алака-катышты чыңдоону макулдашкан.

Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапары 9-июлда башталган жана 11-июда аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG