Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Эрдоган: Түркия Евробиримдикке кошулганда, Швециянын НАТОго мүчө болуусуна жол ачабыз


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуусун Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна байланыштырды. Бул тууралуу ал 10-июлда, Вильнюста өтө турган НАТОнун саммиттин утурлай билдирди.

Швеция НАТОго кошулуу тууралуу арызын былтыр майда берген. Буга аскердик альянска мүчө бардык 31 мамлекет макулдугун бериш керек. Азырынча Түркия менен Венгрия баш тартууда. Расмий Анкара Швециядан өлкөдө жашырынган оппозиция өкүлдөрүн өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Эрдоган өз билдирүүсүндө буга чейинки талаптардан баш тартпай турганын кошумчалады. Ал түрк парламенти Швециянын НАТОго мүчө болуусун жактырганга чейин Евробиримдик Түркияга жол ачышы зарыл экенин белгиледи.

Түркия Евробиримдикке кошулуу үчүн 2005-жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. 2016-жылдан бери бул жараян дээрлик токтоп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG