Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Түндүк Корея узак аралыктагы баллистикалык ракета учурду


Түштүк кореялыктар Пхеньян кезектеги баллистикалык ракетасын учурганы тууралуу жаңылыкты экрандан көрүп турушат. 23-декабрь, 2022-жыл.
Түштүк кореялыктар Пхеньян кезектеги баллистикалык ракетасын учурганы тууралуу жаңылыкты экрандан көрүп турушат. 23-декабрь, 2022-жыл.

Түндүк Корея 12-июлда эртең менен Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракетасын учурду. Бул тууралуу Жапониянын жана Түштүк Кореянын аскерлери билдиришти.

Ракета 6000 метрлик бийиктикте 74 мүнөт 1000 метрлик аралыкка учкан. Буга чейин Түндүк Кореянын ракеталары мындай узак убакыт учуп көрө элек болчу. Бул тууралуу жапондордун Asahi телеканалы билдирди. Ракета Жапониянын экономикалык аймагынан тышкары, Окусири аралынан 250 метр алыс кулаган. Токио Пхеньядын кадамын кескин айыптады.

Вильнюста НАТОнун саммитинде жүргөн Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту. Ал Пхеньян мыйзамсыз баллистикалык ракета учурганы үчүн жооп берерин эскертти. Ошондой эле түштүк кореялык аскерлер АКШ менен тыгыз кызматташтыкта күжүрмөн даярдык абалында турушканын билдиришти.

Соңку бир нече күндөн бери Түндүк Кореянын бийлиги Американын тыңчы учактары аба майданын бузуп жатканын айтып, жооп болорун эскертип келген.

Ушуну менен июнь айынан бери Пхеньян 12-жолу баллистикалык ракетасын учурду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG