Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Баткенди калыбына келтирүү: Ак-Сайда үй курган ишкер кармалды


Баткен районунун Ак-Сай айылында калыбына келтирилип жаткан үйлөрдүн курулуш материалдарынын акчасын бербей, "ишкерлерди алдап, ири өлчөмдө чыгым келтирген" деген шек менен Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну кармалды.

Бул тууралуу 13-июлда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Д.К. аттуу жаран Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалган.

Милицияга арыз менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну кайрылган. Ал ири суммада чыгым алып келген кишиге чара көрүүнү суранган. Кылмышка шек саналып кармалган киши Ак-Сайда 57 үйдү курмай болгон.

“Январь, февраль айларында мурда товар алып, акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехтен жалпы суммасы 1 миллион 295 миң сомдук курулуш материалдарын алып, айтылган убакытта акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен. Аталган факт боюнча тергөө кызматы 16-майда Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен иш козгоп, издөө жарыялаган. Бул кылмыш ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө болгон”, - деп билдирди облустук милиция.

Баткенде 2022-жылы күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылып жатканы белгилүү болгон. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу маселеси көтөрүлгөн.

“Азаттыктын” журналисттери Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин жеринен билип келген. Талкаланган 420 үйдүн курулушу өткөн айда толук аяктады.

ИИМ өткөн айда Баткен облусундагы чек ара жаңжалында талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалганын, ал эми "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчисине издөө салынганын жарыялаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG