Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Блогер Улукбек Карыбек уулун милиция кармап кеткени кабарланды


Улукбек Карыбек уулунун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган сүрөт.
Улукбек Карыбек уулунун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган сүрөт.

14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулун Бишкекте милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып кетти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” блогердин досу Кубан Садыров билдирди. Ал Улукбек Карыбек уулу кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу так маалымат жок экенин, бирок акыркы жолу Ош облустук төрөт үйүндөгү көйгөйлөр тууралуу видео тартылганын айтты.

Улукбек Карыбек уулунун Фейсбуктагы баракчасына аны милиция кызматкерлери жана жөнөкөй кийимчен дагы бир адам кармап турган сүрөт жарыяланды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.

Март айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улукбек Карыбек уулунун бала бакчага кирип барган тасмасын сынга алып, мындай ишмердүүлүктүн артында саясий карьера жасоо максаты турат деген оюн билдирген. Ал ушундан улам блогерлер тартипке чакырыларын айткан.

Улукбек Карыбек уулу Байсаловго жооп берип, “эгерде министрликтер, мэриянын кызматкерлери, өз ишин сапаттуу аткарса, анда миңдеген адамдар блогер, журналисттерге кайрылмак эмес” деп жазган.

Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG