Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Эл аралык пресса институту соттун "Азаттык" боюнча чечимин кубаттады


"Азаттыктын" микрофону судьянын столунда. 27-апрель, 2023-жыл. Бишкек.
"Азаттыктын" микрофону судьянын столунда. 27-апрель, 2023-жыл. Бишкек.

Эл аралык пресса институту жана анын глобалдык түйүнү Бишкек шаардык сотунун "Азаттык Медиа" мекемесин жабуу тууралуу буга чейинки инстанциянын чечимин жокко чыгаруу жана соттук териштирүүнү токтотуу чечимин кубаттайт.

Билдирүү 14-июлда институттун расмий сайтына жарыяланды.

Эл аралык пресса институту "Азаттык Медианы" жабуу чечимин айыптап, Кыргызстандын бийлигин мындай кадамга барбоого чакырып келген.

"Бул чечим басма сөз эркиндиги жана кыргыз коомунун маалыматка болгон укугу үчүн жакшы жаңылык", - деди аталган институттун жетекчисинин орун басары Скотт Гриффен.

Гриффен "Азаттык Медианы" жабуу чечими башынан эле туура эмес болгонун, медиа эч качан өкмөттүн көз карашы менен туура келбеген маалыматы үчүн жазаланбашы керек экенин кошумчалады.

Уюм кыргыз бийлигин сөз эркиндигинин эл аралык стандарттарына туура келбеген мыйзамдарды жокко чыгарууга чакырды.

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин “Азаттыктын” банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. “Азаттыктын” адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

"Азаттыкты" чектеген бул чечимдер эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын кескин жана тынымсыз сынына кабылып келген.

14-июлдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында "Азаттыктын" сайты ачылышы керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG