Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт


Арстанбап, Жалал-Абад.
Арстанбап, Жалал-Абад.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 16-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Ош облусунун өрөөнүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 32…37;

Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34 градуска жетет.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG