Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Крым көпүрөсүндө жардыруу болду


Крым көпүрөсү. 17-июль, 2023-жыл
Крым көпүрөсү. 17-июль, 2023-жыл

17-июлда Крым көпүрөсүндө жол кыймылы жардыруудан улам токтоп калды. Телеграм-каналдар көпүрөнү тиреген конструкция жардырылганын кабарлашууда, бирок Орусиянын Транспорт министрлиги трассага гана зыян кетирилгенин билдирди. Аннесияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов «чукул окуядан улам» көпүрөдө машиналардын кыймылы үзгүлтүккө учураганын Телеграм-каналына жазды.

Окуянын чоо-жайын азырынча толук билдирише элек. Аксенов жана Транспорт министрлиги жарым аралдын тургундарын Украинанын оккупацияланган аймактары аркылуу алтернативдүү маршруттарды тандоого чакырышты.

Орусиялык Baza жана 112 Телеграм-каналдары өз булактарына таянып жазганына караганда, көпүрөдө бараткан машинада белгороддук үй-бүлө - күйөөсү менен аялы каза тапты. 14 жаштагы кызы аман калганы, оор жараат алганы маалымдалды. Социалдык тармктардагы видеолордон ал машина кандай жагдайда кырсыкка учураганын аныктоо мүмкүн эмес.

Кийинчерээк Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков бул маалыматты бышыктады.

Былтыр октябрда Крым көпүрөсүндө оор машина жарылып, күйүүчү май ташыган поезд өрттөнүп, көпүрөнүн бир бөлүгү керектен чыккан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG