ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07
Крым (Керчь) көпүрөсү.
Крым (Керчь) көпүрөсү.

Түз ободо Крымда Керч, Киевде Днепр көпүрөлөрү кайрадан бутага алынды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:49

Крым көпүрөсү кайрадан бутага алынды

Орусияны аннексияланган Крым жарым аралы менен байланыштырган Крым көпүрөсү 17-ноябрга караган түнү бир сутка ичинде экинчи жолу чабуулга кабылганы маалымдалды.

Москва дайындаган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов көпүрөгө сокку урулганын билдирип, кыймыл убактылуу токтотулганын жарыялаган. Ал жергиликтүү тургундарды жана туристтерди көпүрө тарапка барбай кое турууга, жол жүрүүнү пландаштырууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырды.

Көпүрөнүн 16-ноябрда тартылган сүрөтү
Көпүрөнүн 16-ноябрда тартылган сүрөтү

Украинанын «Крымский ветер» мониторингдик ресурсу көпүрөгө төрт канаттуу ракета атылганын жазды. Күбөлөр жарыялаган видеолоруна караганда, алардын бири узундугу 227 метр болгон борбордук аркага тийип, конструкциянын бир бөлүгү сууга кулаган болушу мүмкүн. Бирок бул маалымат азырынча расмий ырасталган жок.

Мунун алдында, 16-ноябрь күнү эртең менен да Украина армиясы көпүрөгө сокку урган. Орусиялык Mash басылмасынын маалыматына караганда, жүзгө жакын учкучсуз аппарат колдонулуп, алардын бири Крым тараптагы арканын жанында жарылган. Көпүрөнүн айрым бөлүктөрү болжол менен 15 градуска чейин кыйшайганы айтылууда.

Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялаган видеолордо көпүрөнүн кыйшайып, жабыркаганы байкалган. Ал эми украиналык Telegram-каналдар спутниктен тартылган сүрөттөрдү жарыялап, жолдун кеминде эки жеринде бузулуулар бар экенин билдиришкен.

Кремль келтирилген зыянды «анча чоң эмес» деп мүнөздөдү. Бирок буга карабастан көпүрө 16 сааттан ашык убакытка жабылып, кийин ачылгандан соң унаалар эки тарапка кезектештирилип өткөрүлө баштаган. Учурда Крым менен Краснодар крайынын ортосундагы жүктүн жана жүргүнчүлөрдүн олуттуу бөлүгү Керчь парому аркылуу ташылууда.

Орусия Украинага согуш баштагандан бери Киев Крым көпүрөсүнө бир нече жолу сокку урган.

Киевдеги Днепр көпүрөлөрүнө да сокку урулду

17-ноябрга караган түнү орус армиясы Киев шаарындагы Днепр дарыясы аркылуу өткөн көпүрөлөргө баллистикалык ракеталар менен сокку урду.

Киевдин мэри Виталий Кличко баштапкы маалымат боюнча сокку Түндүк жана Түштүк көпүрөлөргө тийгенин билдирген. Анын айтымында, шаардын айрым райондорунда суу жана жылуулук берүүдө да үзгүлтүктөр катталган.

Киев метрополитени 17-ноябрь эртең менен Түштүк көпүрө аркылуу өткөн жашыл тилкедеги поезддердин кыймылы токтотулганын маалымдады. Шаар бийлиги Түндүк жана Түштүк көпүрөлөр боюнча кыймыл убактылуу жабылганын билдирди.

14:02 16.11.2026

Крым көпүрөсүнө сокку урулганы кабарланды, Орусия жүздөгөн дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

16-ноябрга караган түнү аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов Крым (Керчь) көпүрөсүнө сокку урулганын ырастады.

Анын айтымында, көпүрөгө жасалган чабуулдан кийин транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, Керчь шаарында ыкчам штаб түзүлгөн. Аксенов жол кыймылы болжол менен күндүн ортосуна чейин чектелерин билдирди. Украина тарап азырынча бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

Ушул эле түнү украиналык учкучсуз аппараттар Ростов облусуна да чабуул жасаган. Облустун губернатору Юрий Слюсардын маалыматына ылайык, Азов шаарында үч адам жаракат алды. Анын айтымында, шаардагы төрт өндүрүштүк объектте өрт чыккан.

Мындан тышкары Миллерово районундагы Рогалик айылында дрондордун сыныктары түшүп, үч жеке турак үйгө зыян келтирилген. Ошондой эле өрт чыгып, газ түтүгү жабыркаганы маалымдалды.

Губернатор өрт кайсы объекттерде чыкканын тактаган жок. Бирок украиналык мониторингдик Exilenova+ жана Supernova+ телеграм-каналдары Азов шаарындагы мунай базасы өрттөнгөнүн жазышты. Ал эми Astra басылмасы өрт чыккан аймакта бири-бирине жакын жайгашкан эки мунай базасы бар экенин белгилеп, алардын кайсынысы жабыркаганын так аныктоо мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин болсо абадан коргонуу күчтөрү борбор калаага жакындаган 191 учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги соңку суткада өлкөнүн ар кайсы аймактарында жалпысынан 1 336 украиналык дрон жок кылынганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, алар Тверь, Белгород, Брянск, Курск, Калуга, Тула, Рязань, Орёл, Воронеж, Владимир, Смоленск, Нижегород, Ростов облустарынын үстүндө, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда, Москва облусунда, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваториясында атып түшүрүлгөн.

Акыркы күндөрү Украина менен Орусиянын ортосундагы аралыктан башкарылган учкучсуз аппараттардын колдонулушу күчөп, эки тарап тең стратегиялык жана инфраструктуралык объекттерге сокку уруу аракеттерин улантууда.

13:55 16.11.2026

Украиналык дрондор Орусиянын түштүк аймактарындагы мунай жана энергетика объектилерине сокку урду

16-ноябрга караган түнү украиналык учкучсуз аппараттар Орусиянын бир катар аймактарына жапырт чабуул жасады. Ростов облусунун Азов шаарында өндүрүштүк объектилер өрттөнүп, үч адам жараат алды.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсардын маалыматына караганда, Азов шаарындагы төрт өндүрүштүк объектте өрт чыккан. Жабыркагандардын арасында үч эркек киши бар.

Astra басылмасы күбөлөр тарткан сүрөттөр менен видеолорго таянып, дрондор мунай базасы жайгашкан аймакка жана газ бөлүштүрүүчү станцияга тийгенин жазды. Чабуулдан кийин эки объектте тең өрт чыккан. Украинанын Exilenova+ мониторинг каналы да бул маалыматты ырастап, аталган объекттерде өрт чыкканын билдирген.

Сокку урулган мунай базасы «Флэш энержи» компаниясына таандык. Ал жерде мунай кабыл алуу, сактоо жана жөнөтүү иштери жүргүзүлөт. Ишкананын аймагында жалпы көлөмү 6,5 миң куб метрден ашкан он резервуар жайгашкан.

Ал эми газ бөлүштүрүүчү станция «Юг-Импэкс» компаниясынын карамагында. Компания катуу, суюлтулган жана газ түрүндөгү күйүүчү майларды, ошондой эле тиешелүү продукцияларды сактоо жана сатуу менен алектенет. Орусиянын расмий бийлиги бул объекттерге жасалган чабуул боюнча кеңири комментарий бере элек.

Буга чейин, 15-ноябрда украиналык дрондор Ростов облусундагы Таганрог шаарына да сокку урган. Губернатор Юрий Слюсарь бир адам каза болуп, дагы төрт киши жараат алганын айткан.

Чабуулдун буталарынын арасында унаа жолу аркылуу өткөн көпүрө жана эки электр көмөкчордону болгон. Astra маалымдагандай, алардын бири зыян тарткан. Бул көмөкчордон Таганрогдун өнөр жай районун электр энергиясы менен камсыздайт.

Украиналык дрондор ошол эле түнү Краснодар крайына да жеткен. Аймактык штабдын маалыматына ылайык, Северский районунда үч адам жабыркап, алардын арасында бир бала бар.

Ишканалардын биринин аймагында өрт чыккан. Бийлик кайсы объект жабыркаганын ачыктаган жок. Бирок аталган калктуу конушта Орусиянын түштүгүндөгү эң ири мунай иштетүүчү ишканалардын бири саналган Ильский мунайды кайра иштетүүчү заводу жайгашкан. Бул завод акыркы жолу быйыл 26-сентябрда дрон чабуулуна кабылган.

Чабуулдар Ярославль облусуна да таасирин тийгизди. Учкучсуз аппараттардын коркунучуна байланыштуу бийлик Ярославлдан Москва багытына кеткен негизги жолдун бир бөлүгүн убактылуу жапты. Облустун губернатору Михаил Евраев тургундарды бул аймак аркылуу каттабоого чакырды.

Анын айтымында, абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде 20 дронду атып түшүргөн. Каза болгондор же жаракат алгандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Бирок чабуулдун жердеги объекттерге кандай таасир бергени тууралуу маалымат берилген эмес.

Ярославль шаарында буга чейин да Москва тараптагы өнөр жай аймагына жакын трассаларда кыймылга чектөө киргизилген учурлар болгон. Бул жерде өлкөдөгү эң ири мунай иштетүүчү заводдордун ондугуна кирген Ярославль мунай заводу жайгашкан.

Москва мэри Сергей Собянин 15-ноябрдын кечинен тартып борбор калаа тарапка болжол менен 600 дрон учуп келгенин билдирди. Анын айтымында, алардын көбү борборго жетпей алыстан тосулуп калган. Дагы 191 дрон Москвага жакындаган учурда атып түшүрүлгөн.

Собянин бул чабуулдардын кесепеттери тууралуу маалымат берген жок. Бирок акыркы күндөрү Орусиянын түштүк жана борбордук аймактарына жасалган дрон чабуулдары согуш башталгандан берки эң ири операциялардын бири катары бааланууда.

16:45 15.11.2026
  • Украинанын Коргоо кеңешинин теңтөрагасы Иван Федоров өткөн суткада орус аскерлери Запорожье облусуна жүздөгөн чабуул жасаганын билдирди. Анын маалыматы боюнча, 32 адам, анын ичинде төрт бала жараат алды. Федоров сутка ичинде облустун 48 калктуу конушу аткылоого кабылганын, кеп ракеталык соккулар, дрон чабуулдары жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан (РСЗО) урулган соккулар тууралуу болуп жатканын жазды.
  • Ушул аптада Стив Уиткофф менен бирге Абу-Дабиде Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып, андан соң Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен жолугушкан АКШ президентинин атайын өкүлү Жаред Кушнер азыркы башкы милдет — Москва менен европалык өнөктөштөрдүн ортосунда түз байланышты камсыздоо, ошондой эле АКШ, Украина жана Орусиянын ортосундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына даярдык көрүү экенин билдирди.
  • 15-ноябрга караган түнү украин учкучсуз учактары Орусиянын бир катар аймактарына, анын ичинде Татарстанга жана Ростов облусуна сокку урду. Украин мониторинг каналдарынын ASTRA басылмасынын анализи менен ырасталган маалыматында, Татарстандын Нижнекамск шаарындагы «Нижнекамскнефтехим» заводу бутага алынган. Ростов облусунун Таганрог шаарында эки көмөкчордонго сокку урулган. ASTRAнын маалыматы боюнча, чабуул атап айтканда шаарды жана анын өнөр жай аймагын электр энергиясы менен камсыздоого катышкан «Таганрог-10» көмөк чордонуна жасалган.
  • 15-ноябрга караган түнү Орусиянын Одесса облусундагы Черноморск шаарына жасаган чабуулунун кесепетинен кеминде алты адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, энергетикалык инфраструктура, административдик имарат, ошондой эле турак жайлар бүлгүнгө учураган.
  • Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттерге АКШ өкүлдөрү менен болгон талкуулардын жүрүшүндө америкалыктар НАТОго мүчө болсо, Украина Донбасстын өз көзөмөлүндө калган аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болобу деп суроо беришкенин билдирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG