Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттерге АКШ өкүлдөрү менен талкуу учурунда НАТОго кириш үчүн Киев Донбасстагы өзү көзөмөлдөп турган аймактардан аскерлерин чыгарып кете алабы деген суроо берилгенин айтты.
"Америкалыктар "Эгер НАТОго кирсе, Украина Донбасстан чыгып кете алабы?" деген суроо узатышты. Мындай суроо биринчи жолу болду", - деди Зеленский.
Ал Украина принципиалдуу түрдө территориядан баш тартпасын белгиледи. Зеленский мунун өзүндө өнөктөштөр коопсуздуктун толук топтомун, анын ичинде согуштан кийин өлкөнү кайра калыбына келтирүүнү сунуштаса, бул суроону коомчулук менен ачык сүйлөшүүгө, тагыраагы референдумга алып чыгууга даяр экенине токтолду.
"Бирок азыркы тапта конкретика жок, баары талкууда", - деп айтты украин президенти.
Зеленский кандай болбосун Украина де-юре коңшусу басып алган аймактарын Орусияныкы деп кабыл алууга даяр эместигин белгиледи.
Зеленский Донбассты НАТОго мүчөлүккө "алмашуу" сунушу качан жана кимден түшкөнүн айткан жок. 12-ноябрда ал Дублинде АКШнын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф менен жолуккан.
Ага чейин АКШ өкүлдөрү Украинанын НАТОго киришин колдобосун, бирок Украина биримдикке мүчө болуу менен коопсуздук кепилдигин алса болорун билдиришкен.
Орусия болсо Украинанын НАТОго киришине башынан каршы болуп келет. Орусиялык бийликтер Түндүк атлантикалык альянска кошулуу ниети Украинага кол салууга башкы себеп болгонун айтып келишет. Орусиянын Киевге дагы бир талабы - Украинанын Конституциясына нейтралдуу макамды киргизүү. Зеленский 14-ноябрда Украина буга макул эместигин жарыялаган.
Донецк облусун толук бойдон орусиялык көзөмөлгө өткөрүү - Орусиянын негизги талабы. Муну АКШ өкүлдөрү дагы ырастап, тынчтык сүйлөшүүсүндөгү эң татаал суроолордун бири ушул экенин айтышкан. Орусия Украина НАТОго кирбесин деген дагы талапты коюуда.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы Киевдин жанындагы Яготин шаарчасына жасалган Орусиянын соккусунан эки куткаруучу каза болгонун билдирди.
Мекеменин башчысы Андрей Даниктин айтымында, жарандык коргонуу кызматынын майору Александр Бондаренко жана башкы мастер-сержант Юрий Литовченко өрттү өчүрүп жаткан учурда кайталап жасалган соккуга кабылышкан.
Дагы эки куткаруучу жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко буга чейин Яготинде алдын бир адам каза болуп, бир нече киши жаракат алганын билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф Абу-Дабиде өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Москвага барышты. 12-ноябрда аларды Внуково аэропортунан Орусия президентинин чет өлкөлөр менен инвестициялык-экономикалык кызматташтык боюнча өкүлү, Орусиянын Түз инвестициялар фондунун (РФПИ) башчысы Кирилл Дмитриев тосуп алды.
Кушнер менен Уиткофф Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп келишет. Алар Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө көтөрүлгөн маселелерди талкуулашат.
Кушнердин айтымында, Путин менен жолугушуудан кийин америкалык өкүлдөр Киев менен Москванын позицияларын жакындатуу аракеттерин улантып, Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Дублинде кездешет.
Украина менен Орусиянын АКШнын ортомчулугундагы кезектеги сүйлөшүүлөрү 10-11-ноябрда Абу-Дабиде өткөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский тараптар тынчтыкка жакындай түшкөнүн билдирсе, украин делегациясынын мүчөсү Давид Арахамия сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатканын жана жыл соңуна чейин макулдашууга жетишүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде Украинадагы согушту токтотуу боюнча Украина, Орусия жана АКШ өкүлдөрүнүн үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнү өтүүдө.
Жолугушуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөр чамасында башталып, жабык форматта өтүп жатат. Журналисттер сүйлөшүү залына киргизилген жок.
Украина тараптан сүйлөшүүлөргө коргоо министри Рустем Умеров башчылык кылууда. Делегациянын курамында президенттик кеңсенин өкүлдөрү, анын ичинде аскердик чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов жана парламент депутаты Давид Арахамия да бар.
Орусия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектөөдө. Анын курамына Тышкы иштер министрлигинин, Башкы штабдын жана Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кирген.
АКШдан президенттин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер катышууда.
10-ноябрда АКШнын ортомчулугу менен Украинанын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусунун биринчи күнү өттү.