АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан Украина жана Орусия ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү аяктады
10-ноябрда Абу-Дабиде украин жана орус делегациялары ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнү аяктаганы кабарланды. Дээрлик беш жылга чукул согушуп жаткан эки өлкөнүн өкүлдөрү соңку ирет февралда кездешкен. Сүйлөшүүлөр АКШнын ортомчулугу менен уюштурулду.
Украин делегациясынын жетекчиси Рустем Умеров Киев бекем тынчтыкка жетүү үчүн ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерди алууга үмүттөнүп турганын айтты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европадагы коопсуздуктун келечектеги архитектурасынан тарта жаңжалды жөнгө салууну талкуулоо "акыл калчай турган" иш экенин айтты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сүйлөшүүлөрдү "өтө натыйжалуу" деп сыпаттап, эми мындан аркы жараянга европалык өнөктөштөр кошулуусу зарыл экенин айтты. Ушул эле маалда америкалык тарап менен Германия, Франция, Британия, Италия, НАТО жана Еврокеңеш кеңешмелерди өткөрүүдө.
11-ноябрда сүйлөшүүлөр уланат.
9-ноябрга караган түнү Ленинград облусуна украиналык 113 учкучсуз учак чабуул койгонун аймак башчысы Александр Дрозденко билдирди. Анын айтымында, "Кириши шаарынын өнөр жай аймагына сокку урулган", дрондун сыныктары батирлердин бирине тийген.
ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, учкучсуз учактардын чабуулунан кийин "Киришинефтеоргсинтез" заводунда өрт башталган. Бул – Орусиядагы кайра иштетүү көлөмү боюнча экинчи орундагы мунайды кайра иштетүүчү завод. Ишканага жасалган чабуул тууралуу украиналык телеграм-каналдар да жазышууда.
"Киришинефтеоргсинтез" заводу "Сургутнефтегаз" ачык акционердик коомдун тобуна кирет. Ишкана бензин, дизел, авиациялык керосин, мазут, күкүрт кислотасын, битум, парафин жана көмүр суутектерин чыгарат. Завод буга чейин да бир нече жолу дрон чабуулуна кабылган.
2026-жылдын сентябрь айында бул заводго чабуулдан кийин Санкт-Петербургда күйүүчү май таңкыстыгы башталган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу системасы украиналык 430 дронду атып түшүргөнүн маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.
Орус армиясы Днепропетров облусунун инфратүзүмүнө жапырт сокку урду. Украинанын ири энергетикалык компаниясы - ДТЭК билдиргендей, түнкү чабуулдару чурунда манилүү энергетикалык объектилер зыян тартты.
«Павлоград, Самар, Каменск, Днепр райондорунда жана Днепр шаарында 600 миңден ашуун киши жарыксыз калды», - деп билдирди аталган компания.
Облустун башчысы Александр Ганжа «ооруканалар жана жарык үзгүлтүксүз иштеши керек болгон мекемелер генераторго туташканын» билдирди.
Полтавада орус армиясынын кесепетинен төрт киши жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече жерде, менчик ишканалардын аймагында өрт чыкканын кабарлады.
Хмельницк шаарында дрон чабуулунан жеке турак жай зыян тартты. Алдын ала маалыматтарга караганда, бир киши жабыркады.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү Орусия 164 учкучсуз учак, үч ракета менен чобуул болгонун, алардын 137си атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусия соңку чабуулдарга байланыштуу комментарий бере элек.
Орусия 5-ноябрга караган түнү Украинанын бир нече облусуна ракета жана дрондор менен чабуул жасады. Энергетикалык жана жарандык инфраструктура объектилери жабыркап, жети киши жаракат алды.
Одесса облусунда энергетикалык жана жарандык инфраструктура бутага алынган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, жеткирүү кызматынын кампасы жарым-жартылай талкаланып, медициналык буюмдарды чыгарган жеке ишкананын администрациялык имараты жана коллеж менен жатакана зыян тарткан. Жабыркагандар жок.
Харьков облусунда почта терминалын аткылап, кийин окуя болгон жерге барган куткаруучуларга кайрадан сокку урган. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, куткаруучулар баш калкалоочу жайда болгондуктан жабыркаган эмес. Безлюдовка жамаатында дрон жеке ишкананын кампасына тийип, өрт чыккан.
Днепропетровск облусунда түн ичинде алты районго жалпысынан 20 сокку урулган. Облустун борборунда үч киши жаракат алып, инфраструктура, турак жайлар жана гараждар зыян тарткан. Марганец шаарындагы артиллериялык соккудан дагы төрт киши жабыркап, үйлөр менен унаалар талкаланган.
Киев облусунда логистикалык инфраструктура бутага алынып, Буча районунда өрт чыккан. 1978-жылы туулган бир эркек жараат алган.
Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия башкарылуучу Х-35 ракетасынан экини жана 128 дрон учурган. Алардын арасында Shahed үлгүсүндөгү сокку уруучу учкучсуз аппараттар, «Гербера» жана «Пародия» тибиндеги дрондор болгон. Украин тарап 105 дрон атып түшүрүлгөнүн же радиоэлектрондук каражаттар менен басылганын билдирди. Ошол эле учурда 18 жерде сокку катталып, тогуз жерде дрондордун сыныктары түшкөнү маалымдалды.