Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Садыр Жапаров "Асманды" куруу үчүн Дубайдан 800дөй адам келгенин айтты


Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы техникаларды тапшырып жатып, курулуш маселелерине токтолду. Ал Бишкектеги жаңы өкмөт үйүн куруу кечигип жатканын билдирип, буга байланыштуу жергиликтүү курулушчуларды сынга алды. Мындан улам "Асман" шаарын курууга Дубайдан келген 800дөй адамды өкмөт үйүн убагында бүтүрүү үчүн алып калганын айтты.

"Жаңы өкмөт үйүн сентябрга чейин бүтүрөбүз деген план бар эле. Анткени октябрда КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт. Ага 12 өлкөнүн президенти келет, биз аларды жаңы өкмөт үйүндө тособуз деп пландаштырып жатабыз. Ал жерде 400дөн ашык кыргыз жигиттерибиз иштеп жаткан. Аман эле бололу, бир күндө сегиз саат иштеш керек болсо анын беш эле саатын иштейт. Ишемби күнгө чейин иштеш керек болсо дем алыш күндөрү, кээде биринчи күнү дагы келбей коюшат. Иштегенде бир саат түштөнөт, бир саат телефонун чукуйт. Бир күндө бүтүрчү ишти бир жумада дагы бүтүрө албай жатабыз. Айлабыз кетип, Дубайдан учуп келген 800дөй курулушчуну Бишкекке токтотуп калдык. Сентябрга чейин бүтүргөнгө жардам берип, андан кийин "Асман" шаарын курууга кеткиле деп алып калдык",-деди Жапаров.

Президент Дубайдан курулушчулар кандай шартта, кантип келишкенин тактаган жок.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна жаңы өкмөт үйүн куруу 2022-жылы апрелде башталган.

Анда президенттин иш башкармалыгы жаңы Ак үйдү TS Group компаниясы кура турганын бышыктаган. Анын ордуна аталган компанияга шаардын түштүк тарабынан 16 гектар жер берилери айтылган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан.

XS
SM
MD
LG