Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Чаткал: "Аташ-Чапкандын" экологиялык экпертизасы текшерилет


Чаткалда 12-июлда “Аташ-Чапканга” байланыштуу өткөн жыйын.
Чаткалда 12-июлда “Аташ-Чапканга” байланыштуу өткөн жыйын.

Чаткалда нааразылык жараткан "Аташ-Чапкан" кен компаниясы чыгарткан экологиялык экспертиза кайра текшерилет. Ошондой эле эл менен жолугушуу тууралуу протоколдорун милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондун акими Алтынбек Сеңирбаев билдирди.

"Айылдын тургундары "айдоо жерлерибиз суусуз калат" деген жүйө келтирип, нааразылык акциясына чыгышкан. "Эл менен жолугушуулар тууралуу протоколдорду карап бергиле, биз кол койгон эмеспиз" деген тургундар дагы болгон. Алар райондук милицияга кайрылуу беришти. Экологиялык экспертизанын корутундусун дагы кайра карап чыгуу үчүн ишти токтото туруу тууралуу бул компанияга айттык. Алар иш кагаздарын кайрадан карап чыкмай болушту. Арыздар каралып жатат, митингге чыккандар тарашты",- деди Сеңирбаев.

Өткөн аптада, 14-июлда Чаткалдагы Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары "Аташ-Чапканга" байланыштуу нааразылык акциясына чыгып, акимдин кетишин талап кылышкан. Анда тургундар компания эгерде чалгындоо жана кен казуу иштери башталса, төрт айылдын айдоо жерлерине жана сууга зыяны тие турганын айтышкан.

Сеңирбаев “Аташ-Чапкан” Түлөберди участкасынан 10 гектар жерди чалгындоо жана иштетүү үчүн лицензия алганын, талаш-тартыштар такталганча компаниянын иши убактылуу токтотулганын билдирген.

“Азаттык” буга чейин Чаткалдагы алтын казган компанияларга байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген.

Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон-колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталган.

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет.

XS
SM
MD
LG