Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

"Эс алган жерден да кармап жатышат". Стамбулда мигранттарды текшерүү күчөдү


Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөргөн диаспора өкүлдөрү. Стамбул шаары. 2019-жыл. Архив
Кыргызстандын мамлекеттик туусун көтөргөн диаспора өкүлдөрү. Стамбул шаары. 2019-жыл. Архив

Түркиянын Стамбул шаарында "чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берилбейт" деген маалымат кызуу талкуу жаратты. Өлкөнүн Миграция департаменти аны четке какканы менен мигранттардын арасында түйшөлгөндөр көп. Өткөн аптада түрк президентинин мыйзамсыз миграция тууралуу билдирүүсүнөн кийин текшерүү күч алды.

Стамбулда жашап, иштеген кыргызстандыктар экономикалык таңкыстыкты жон тери менен сезгенин, айрымдары мекенине кайтуунун камын көрө баштаганын айтып беришти.

Стамбулда чет өлкөлүктөрдүн каттоосу талкуу жаратты

Түркиялык Milliyet басылмасы 15-июлда Стамбул шаардык бийлиги чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат берүүнү жокко чыгарганын жазды. Бул чет элдиктер Стамбулдагы 39 райондун баарында тең каттоого тура албайт дегенди түшүндүрөт.

Эртеси, 16-июлда Түркиянын Миграция департаменти бул маалыматты четке какты. Мекемемин Твиттердеги билдирүүсүндө чет элдиктер мурдагыдай эле калаанын 10 районунда туруктуу жашоо үчүн каттоого турса болору белгиленген.

Буга чейин расмий Анкара 2022-жылы 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 мааледе мигранттарды каттоо токтой турганын эскерткен. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20% ашпашы керектиги да айтылган.

Ошондон бери Түркиянын булуң-бурчунда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тыкыр текшерилип жатканын түрк маалымат каражаттары маал-маалы менен кабарлап турат. Айрыкча мигранттар көп жашаган Стамбул шаарында полиция көчөмө-көчө кыдырып текшерген учурлар катталууда.

"Мигранттар пляждарда да текшерилип атат"

Шаарда көп жылдан бери иштеген Улан Адылбеков документтерди текшерүү көчөлөрдө, ал тургай пляждарда да жүрүп атканын маалымдады:

"Учурда текшерүү күчөдү. Мыйзамсыз жүргөндөрдү экстрадициялап атат. Полиция чет өлкөлүктөрдү пляжда жүргөн жеринен барып текшерип, кармап кетип атканын көрдүм. Түркияда негизи эле көп иш берүүчү эмгек визасын жасап бербейт. Анткени анын көп чыгымдары бар. Ошондуктан дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен иштеп жүрө берчү. Акыркы бир жылдан бери ал визаны да бербей калды".

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая быйыл июнда 15 591 мыйзмасыз жүргөн чет өлкөлүк кармалганын жарыялаган.

Кыргызстандык Алтынай Стамбул шаарында тигүүчү болуп иштейт. Ал быйыл май айында бир жылдык туристтик виза жасатканын, бирок туруктуу жашоого уруксат алуу жараяны жыл сайын катаалдашып баратканын айтып берди:

"Мында барганда башкача документтерди сурашты. Үй ээси менен ижара келишими жана менин атыма жазылган жарыктын же суунун квитанциялары болуш керек дешти. Баарын толук алып барып бердим. 2-3 жумадан кийин тез эле уруксатым келип калды. Буга чейин алты айлык гана виза берип коюшкан. Эми бир жылга берилди".

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көбү бир жылдык туристтик виза менен баргандар. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей атканы утуру-утуру айтылып келет.

Мигранттардын виза алуу түйшүгү

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев 5-июлда түрк ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугуп, кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимди 90 күндөн 120 күнгө чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керектигин айткан.

Руслан Казакбаев менен Мехмет Акташ. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 5-июлда тараткан сүрөт.
Руслан Казакбаев менен Мехмет Акташ. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 5-июлда тараткан сүрөт.

Жолугушууда Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү, кыргызстандыктардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуу маселеси талкууланган.

Стамбул шаарында туризм тармагында көп жылдардан бери иштеген Сейил Абылгазиеванын туруктуу жашоого уруксаты аяктап, Кыргызстанга кетүүнүн камын көрүүдө. Ал тапкан акчасы ижара акысына, жол киресине жетпей калганын, иштөө шарттары татаалдашып баратканын жашырбады.

"Мен эле эмес, мени менен чогуу иштешкен көп чет өлкөлүктөр кетип атышат. Батирдин акысы өтө кымбаттап кетти. Жыл башынан бери чогуу иштешкен төрт таанышым өлкөлөрүнө кайтып кетишти. Мен жашаган батирди да үй ээси кымбаттатып койду. Визамды узартайын десем, 12 миң лира кетчүдөй. Туризм тармагы азыр Стамбулда өтө кирешелүү эмес. Анткени баа өтө кымбат. Балким азыр жай болуп, анча-мынча туристтер келип аткандыр. Эми кышында бул баага эч ким келбейт. Акыркы тенденция, Стамбул менен Дубайдын баалары бирдей болгондуктан, туристтердин көбү Дубайды тандап кетип атышат. Андыктан туристтерге да, мигранттарга да Түркия кирешелүү мамлекет болбой калды", - дейт ал.

Түркияда качкындар маселеси да курч. Анткени Түркия дүйнөдөгү эң көп качкын кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда өлкөдө 4 миллион качкын баш калкалайт. Анын 3 млн. 700 миңи сириялыктар.

Президент Режеп Тайып Эрдоган буга чейин мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын жар салган.

Эрдоган 13-июлда мыйзамсыз миграция менен күрөш тууралуу дагы бир жолу билдирүү жасады:

"Биздин жарандар кыска убакыттын ичинде мыйзамсыз мигранттар маселесиндеги көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөрдү аткарылган иштер менен сезет. Коопсуздук күчтөрүбүз чараларды жана операцияларды күчөттү",- деди Эрдоган.

Анын мындай сөзүнөн кийин жергиликтүү маалымат каражаттарында мыйзамсыз жүргөн ооганстандык жана сириялык качкындар мекенине депортацияланып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү ооган жана сириялык экени айтылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG