Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Зеленский дан келишимин аткарууну Орусиясыз уланта берүүгө чакырды


Украинадагы Измаил порту. 23-апрель, 2023-жыл.
Украинадагы Измаил порту. 23-апрель, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин аткарууну уланта берүүгө чакырды. Ал дүйшөмбүнүн кечиндеги видео кайрылуусунда, Орусия келишимден чыгып кеткенден кийин да макулдашууну аларсыз ишке ашырууга мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүү, дан азыктарын Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу жаатында жоопкерчиликтүү мамлекеттер менен иштөө тууралуу макулдашылды.

Зеленский "Москванын чечими кимдин тое тамактанышы керектигин "опузалоо" менен аныктоо мүмкүн эместигин көргөздү" деп айтты.

Украина дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Буга чейин украин президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров "Орусия дан келишиминен чыкканы менен, Украина ага катышууну уланта берет" деген Зелнскийдин айткандарын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка караганда, бул багытта эки келишим бар болчу. Биринчисине Украина, Түркия жана БУУ, экинчисине Орусия, Түркия жана БУУ кирет.

"Андыктан Орусия макулдашууну токтотконун айтканда, Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш жана түрк президенти Режеп Таип Эрдоган менен келишимди үзүп жатат. Биз менен эмес. Алар менен биз эч нерсени макулдашкан эмеспиз",- деп айтты Зеленский.

17-июлда Москва сөз болгон макулдашуудан чыкканын, мындан ары бул темадагы сүйлөшүүлөргө катышпасын жарыялаган. Эми украин портторунан дан азыктарын ташыган кемелердин коопсуздугу камсыздалбайт, орус аскерлери аларды аткылашы жана украин портторуна кое бербеши мүмкүн.

Украин мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги БУУнун жана Түркиянын жетекчилерине дан келишимине мындан аркы катышуусун түшүндүргөн "расмий ишараттарды" даярдарын билдирди.

“Кара деңиздеги коридорду Орусиясыз да пайдаланууну мүмкүн кылуу керек. Биз коркпойбуз. Кемелерге ээлик кылган компаниялар бизге кайрылып, Украина кемелерди чыгарса, Түркия аларды өткөрсө, арпа-буудайды ташууну уланта беришери айтышты", - деп кошумчалады Зеленский.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Медведев Орусияга карата милдеттенмелер аткарылбагандыктан, келишимден чыгып жатышканын билдирди. Бирок кайсы милдеттенмелер экенин тактаган жок.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорту токтоп калган. Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен дан азыктарын украин портторунан ташууну жандантуу келишимине былтыр 22-июлда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG