Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Мамдума запастагылардын жаш курагын көтөрүүнү караган мыйзамды жактырды


Ростов-на-Дону шаарында көчө тазалап жүргөн аскерлер. 25-июнь, 2023-жыл. Жаңылыкка иллюстрациялык сүрөт катары тиркелди.
Ростов-на-Дону шаарында көчө тазалап жүргөн аскерлер. 25-июнь, 2023-жыл. Жаңылыкка иллюстрациялык сүрөт катары тиркелди.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 18-июлда үчүнчү окууда запастагы аскерлер жана резервдегилер боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Документке ылайык, аскерге милдеттүүлөрдүн курагы мурда 50 жаш болсо, эми 55 жаш болуп калды. Ал эми 65 жашка чейинки улук офицерлер согушка тартылат.

Эми мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши бекитип, президент кол коюуга тийиш.

Резервдегилер келишим түзүп, жыл сайын аскердик машыгууларга барып турушу керек. Бул үчүн аларга акча төлөнөт. Ал эми мурда армияда кызмат өтөгөндөрдүн баары запаска жиберилет.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун орусиялык аскер кызматына чакырылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганы тууралуу маалымат берген. Андан кийин Путин да долбоор аяктаганын жарыялап, бирок тиешелүү жарлыкка кол койгон эмес. Иш жүзүндө Орусияда расмий мобилизацияны улантууда.

Январь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу үч жыл ичинде орусиялык аскерлердин санын бир жарым миллион кишиге жеткирүү максатын билдирген. Алардын дээрлик жарымы келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер болушу ыктымал деген божомол бар.

Мамлекеттик думага армияга чакыруу жашын жогорулатууну караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан өйдө аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG