Тажикстандын Жогорку Cоту Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салды. Бул тууралуу аталган басылмага каршы доо арыз берген Башкы прокуратура билдирди.
Сот чечимди 14-июнда кабыл алганы бир ай өтүп коомчулукка маалым болду.
Тажикстандын Кылмыш кодексинде экстремисттик деп табылган уюмдар менен кызматташуу үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Pamir Daily News басылмасынын жетекчилиги муну саясий кысым деп, редакция өз ишин уланта берерин билдирди.
2020-жылы Тажикстандын Жогорку Cоту Прагада жайгашкан "Ахбор" маалыматтык ресурсунун ишмердиген да тыюу салган. Тажик бийлиги редакцияны "Ислам кайра жаралуу партиясы" өңдүү тыюу салынган топторду колдоого айыптаган. Аталган партия Тажикстанда 2015-жылы террордук уюм деп табылган. Ага чейин өлкөдөгү эң ири оппозициялык партия болуп келген.
Эл аралык журналисттик жана укук коргоо уюмдары сөз эркиндигин чектегени жана көз карандысыз журналисттер менен блогерлерге карата басымы үчүн тажик бийлигин сындап келишет. Дүйшөмбү бул айыптоолорун четке кагып, өлкөдөгү мыйзамдар маалымат каражаттарынын эркин иштешине кепилдик берерин билдирүүдө.