Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт


Фонтан. Бишкек.
Фонтан. Бишкек.

21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30 градус ысыйт.


Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 33…35° ысык болот.

XS
SM
MD
LG