Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Эң мыкты жана эң начар мекемелер тизмеси жарыяланды

Өкмөттүн жыйыны. 2023-жылдын 20-июлу.
Өкмөттүн жыйыны. 2023-жылдын 20-июлу.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын рейтинги жарыяланды. Бүгүн 20-июлда өкмөттүн биринчи жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы талданып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасын аткаруу планы 554 иш-чарадан турарын, азыр анын 92си аткарылышы керек болсо, 71и (77%) бүткөнүн билдирди.

Жапаровдун айтымында, мекемелердин ишин баалаган мониторинг атайын иштелип чыккан ыкманын негизинде жүргүзүлдү.

“Мыкты” деген баага 11 мамлекеттик орган – Саламаттык сактоо, Айыл чарба, Билим берүү, Тышкы иштер, Социалдык камсыздоо, Энергетика министрликтери, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынын, Бишкек менен Ош шаарларынын жетекчилиги татыды.

Сегиз мекеменин иши “жакшы” деп бааланды. Алар – Экономика, Каржы, Ички иштер, Экология, Санариптик өнүгүү министрликтери жана Ысык-Көл, Чүй облустары.

“Канааттандырарлык” деген баага сегиз мекеме – Маданият, Транспорт министрликтери, Талас облусунун жана Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги татыды.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин ишмердиги "канааттандырарлык эмес" деп бааланды.

Жапаров Кыргызстанда быйыл биринчи жарым жылдыкта экономиканын бардык багыттарында өсүш болгонун айтты. (RK)

​
XS
SM
MD
LG