Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Британ чалгын кызматы Украинада орус түрмөлөрүнөн азгырылган 20 миң адам өлгөнүн билдирди


Орусиянын Украинадагы элчилигинин алдында Москванын агрессиясына каршы акцияда тизилген табыттын макеттери. 2-июнь, 2018-жыл. Киев. Архив сүрөт.
Орусиянын Украинадагы элчилигинин алдында Москванын агрессиясына каршы акцияда тизилген табыттын макеттери. 2-июнь, 2018-жыл. Киев. Архив сүрөт.

Соңку бир нече айда Бахмут үчүн салгылашта "Вагнер" менчик аскердик компаниясы аркылуу орус түрмөлөрүнөн азгырылган 20 миңдей адам мерт болгон. Бул тууралуу Британиянын чалгын кызматы 21-июлда жарыялаган күнүмдүк баяндамасында билдирди.

"Проект К" деген долбоордун алкагында азгырылган адамдар жакынкы аралыкта үйлөрүнө таркатылышы мүмкүн, бирок көбү компания менен келишим түзүп калышы ыктымал экени баяндамада айтылат.

"Вагнердин" жетекчилиги орус түрмөлөрүндө отурган жеринен топко кошулган мурдагы соттолгондорду үйлөрүнө таратуу чечимин кабыл алганын 19-июлда "Важные истории" басылмасы жалданма аскерлердин туугандарынын жабык чаттарын талдоодон кийин жазган.

Маалыматка караганда, жалданма жоочулардын көбү Анапанын мейманканаларында ырайым берилишин күтүп жатышат.

Ал эми "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин Телеграм- каналдарга 19-июлда жарыяланган видеодо сүйлөп жатып:

"Азыр фронтто болуп жаткан маскаралыкка катышпай эле койгонубуз оң. Ошондуктан кайсы бир убакытка чейин биз бул жакта, Беларуста болуп турууну чечтик. Машыгуубузду улантып, деңгээлибизди көтөрүп, Африкага жөнөйбүз", - деген.

Пригожин керек болсо Александр Лукашенко үчүн согушуп, беларус куралдуу күчтөрүн "дүйнөдөгү экинчи армияга" айлантуу аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

Түрмөдөгүлөрдү "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка азгыруу 2022-жылдын жайында башталган. Пригожин түрмөлөрдү өзү кыдырып, согушууга макул болгондорго жарым жылдан кийин соттуулугу жоюлат деп, акча да убада кылып келген. Быйыл февралда түрмөдөгүлөрдү согушка тартуу жараяны токтогон. "Русь сидящая" фондунун башчысы Ольга Романова билдиргендей, компания өз катарына түрмөлөрдөн 50 миң адамды тарткан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG