Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Путин Польша Украинанын аймагына көз артып жатканын билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин. 19-июль, 2023-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 19-июль, 2023-жыл. Москва.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Польша Украинанын аймагын басып алып, беларус жерлерине да көз артып жатканын билдирди.

"Польшанын лидерлерине келсек, алар "НАТОнун кол чатырынын" алдында кандайдыр бир коалиция түзүп, Украинадагы жаңжалга түз кийлигишүү менен өзүлөрүнө чоң кесимди жулуп алгылары келет. Тактап айтканда, өздөрүнүн тарыхый аймагын, азыркы Украинанын батышын кайтарып алууну көздөшөт", - деди Путин.

Путин айткан сөздөрүнө эч бир далил келтирген жок. Расмий Варшава орус президентинин айткандарына азырынча реакция жасай элек.

Путин ошондой эле Польшага эскертүү жасап, "Беларуска каршы агрессия Орусияга кол салуу катары эсептелинерин" айтты.

19-июлда Польшан Беларус менен чек арасына кошумча аскерлерди жөнөтүү чечимин кабыл алган. Буга "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары менен Беларус армиясынын Польшанын чек арасынан беш чакырым алыс жайгашкан аскердик полигондо биргелешкен машыгуу өткөрүп жатышы түрткү болду.

XS
SM
MD
LG