Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Донецкидеги жикчилдердин мурдагы лидери Москвада кармалды


Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги, Украинадагы орусиялык жикчилдер өз алдынча жарыялап алган "ДЭРдин" мурдагы лидерлеринин бири Игорь Стрелков (Гиркин) Москва. 12-май, 2023-жыл.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги, Украинадагы орусиялык жикчилдер өз алдынча жарыялап алган "ДЭРдин" мурдагы лидерлеринин бири Игорь Стрелков (Гиркин) Москва. 12-май, 2023-жыл.

Орусияда Донецкидеги жикчилдердин мурдагы лидери Игорь Стрелков (Гиркин) кармалды. Бул тууралуу алгач РБК агенттиги өз булактарына таянып жазды. Маалыматты анын адвокаты дагы ырастаган. Стрелковдун батиринде тинтүү жүрүп жатканы белгилүү болду.

Стрелковдун Телеграм-каналына аялы Мирослава түшкө маал Тергөө комитетинин кызматкерлери келип күйөөсүн белгисиз тарапка алып кеткенин жазды.

Айрым кептерге караганда, өздөрүн "ДЭР" деп атап алган жикчил аймактын мурдагы коргоо министри экстремизмге шек саналууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги, Игорь Стрелков Орусиянын Украинага каршы согушун активдүү колдогондорун бири. Ошол эле маалда соңку убактарда ал Кремлди жана аскердик командачылыкты фронттогу ийгиликсиз аракеттери үчүн кескин сындап келген. "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожинди да сындап, аны коомго чыгарбаш керектигин айтып жүргөн.

Малайзия аба каттамдарына караштуу "Боинг-777" жүргүнчү учагынын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу Гаагдагы сот былтыр ноябрда Стрелковду сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. 2014-жылы болгон окуяда 298 адамдын өмүрү кыйылган.

Стрелков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG