Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

ӨКМ: Нарында сел жүрдү, тоолуу аймактарда кооптуу болушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт. Архив. Ысык-Көл.
Иллюстрациялык сүрөт. Архив. Ысык-Көл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн 22-июлда аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн экени эскертилди.

Мекемеден "Азаттыкка" кабарлашкандай, Нарын районунун Куланак айылында бүгүн нөшөр жаандан кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптады. Адамдар жабыркаган жок.

Өткөн айда жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптап, көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам аталган аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ушундай эле кырдаал сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG