Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Украин аскерлери беш "Шахед" дронун атып түшүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус армиясы ишембиге караган түнү Украинага иран өндүрүшүнөн чыккан Shahed-136/131 дрондору менен чабуул жасады.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү жанкечти беш дрондун баарын атып түшүргөнүн билдирди.

Мындан сырткары, тактикалык-ыкчам чалгындоочу тогуз учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Украинанын аскерлери бир суткада орусиялык күчтөр турган жерге абадан 25тен ашуун сокку урган. Ага чейин Башкы штаб абадан 14 жолу сокку урганын билдиген.

Москва дан келишиминен чыккандан кийин орус аскерлери Украинанын түштүгүнө аба чабуулдарын күчөтүп, порт жана айыл чарба инфраструктураларына сокку урууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG