Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Twitter социалдык түйүнү логотибин X белгисине алмаштырды


Твиттердин жаңы логотиби
Твиттердин жаңы логотиби

Twitter социалдык түйүнү көгүш чымчык элесиндеги логотибин кара фондогу ак X белгисине өзгөрттү.

Ребрендинг тууралуу мурдараак социалдык тармактын ээси Илон Маск:

"Бизди уникалдуу кылган бардык кемчиликтерибизди чагылдыруу", - деп жазды жана X тамгасы өзүнө жагарын билдирди.

Ребрендинг алкагында платформанын түсүн кара түскө өзгөртүү да пландалууда. Социалдык тармактын жаңы домени x.com деп аталат жана ал колдонуучуларды түз эле мурдагы профилине багыттайт.

Көгүш чымчыктын элеси Twitter компаниясынын он жылдан ашуун оригинал логотиби болгон.

Tesla жана SpaceX сыяктуу компаниялардын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter'ди 2022-жылдын күзүндө 44 миллиард долларга сатып алган. 2023-жылдын мартында Маск компаниянын юридикалык аталышын X Corp деп өзгөрткөн.

Илон Маск компанияны сатып алгандан бери анын бир нече чечимдери чоң талаш жаратты. Компаниянын көптөгөн кызматкерлерин иштен бошотуу, акылуу верификация, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунтун бөгөттөн чыгаруу өңдүү кадамдары сынга кабылган. Миллиардер Маск өзү муну сөз эркиндигин коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG