Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Армения, Азербайжан, Орусиянын тышкы иштер министрлери Москвада жолугушат


Арарат Мирзоян, Сергей Лавров жана Жейхун Байрамов. Дүйшөмбү шаары. 12-май, 2022-жыл
Арарат Мирзоян, Сергей Лавров жана Жейхун Байрамов. Дүйшөмбү шаары. 12-май, 2022-жыл

Армения, Азербайжан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери 25-июлда Москвада өзүнчө жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жолугушат.

Кремлдин маалыматына ылайык, Сергей Лавров, Арарат Мирзоян жана Жейхун Байрамов "Тоолуу Карабактын тегерегиндеги кырдаалды басаңдатуу жолдорун" жана үч тараптуу тынчтык келишимин ишке ашыруу кадамдарын талдашат.

Июндун соңунда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшкөн.

Соңку бир айдан ашуун убакыттан бери Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүн жана Тоолуу Карабактын жикчил армиясын ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптап келүүдө. Ал эми Ереван бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче азери аскерлерин күнөөлөгөн.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG