Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Осмоналиев: Кыргызстан улуттук тилин көтөрүү аракетин көрүп жатат


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” конституциялык мыйзам тууралуу комментарий берди. Ал 24-июлда “Азаттыкка” курган маегинде мыйзам орус тилин басмырлоо үчүн эмес, мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүү максатында кабыл алынганын айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жаңы күчүнө кирген бул мыйзамды “демократиялуу эмес кадам” деп баалаган.

Каныбек Осмоналиев мындай негизсиз билдирүү таң калтырганын, Кыргызстан улуттук тилин көтөрүү аракетин көрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мыйзамды ишке ашыруу жоболору жарым жыл ичинде иштелип бүтөт жана мыйзам толук кандуу иштей баштайт.

17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Садыр Жапаров 24-июлда “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, кыргыз тил мыйзамы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсүнө жооп берди. Ал мыйзам орус тилин “дискриминация” кылбай турганын белгиледи. (BuS/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG