Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:42

Президент Жапаров “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдеги сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.

Мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Депутаттардын сын-пикиринен кийин аны кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн.

Топтун башчысы, депутат Жанарбек Акаев мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1070ден 700гө азайтылганын жана делегаттар шайлангандан тартып курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылганын билдирген.

Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көптөгөн жылдан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз берген жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген, мыйзам кабыл алынып, курултай ошол жылдын аягына чейин чогулушу керек эле. Бирок мыйзам долбоору парламенттен колдоо тапкан эмес.

2022-жылдын февраль айында президент мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 11 адамдан турган жумуш тобун түзгөн. Ага президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев төрага болгон. Долбоор да талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Ошол жылдын ноябрындагы биринчи курултай президенттин жарлыгынын негизинде уюштурулган.

Оппозиция мыйзам кабыл алына электе президенттин жарлыгы менен курултай чакырылганын мыйзамсыз деп аташкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG