Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:43

Министрлик: «Ай Кью» мектеби документтерин көрсөтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмоктогу «Ай Кью» жеке мектебинин жетекчилиги тийиштүү уруксат документтерин көрсөтө электигин бүгүн 25-июлда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган мектептин маселесине байланыштуу быйыл 17-июлда министрликтин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн.

Комиссия жеринен териштирүү жүргүзгөндө мектептики деп көрсөтүлгөн даректе ИСИТО коллежи жайгашканын көргөнү, мугалимдерден же жетекчилигинен эч кимди жолуктура албаганы, директору Мадина Кубаева менен онлайн байланышканда ал документтерди 19-июлда көрсөтмөй болгону маалымдалды.

Бирок, министрликтин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Ибраев билдиргендей, документтер алигүнчө көрсөтүлө элек:

“Комиссия башынан бери эле лицензиялык талаптарга жооп бере турган документтерди талап кылып келе жатат. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин документтер көрсөтүлө элек”.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Алмакунов андай мектеп тууралуу укпаганын билдирди:

“Бул мекемеде 20 жылдан бери иштейм. Аталган даректе ИСИТО имараты бар экенин билебиз, “Ай Кью” деген жеке мектеп жайгашканын акыркы 10 күндө эле социалдык түйүндөрдөн билдим”.

Аталган мектепти экстернат (эки жылдык окуу программасын бир жылда аяктоо) ыкмасы менен аяктаганын айткан 84 улан-кызга 11 классты окуганы тууралуу аттестация берилбей калганын ата-энелер эки апта мурда айтып чыгышкан жана министрликтен бул маселени чечүүнү талап кылышкан.

Министрлик аталган мектепте күндүзгү жана сырттан окуу боюнча уруксат бар экенин, ал эми экстернатка соңку үч жылдан бери уруксат сурап келе жатканын, бирок андай укук берилбегенин билдирүүдө.

24-июлда нааразы ата-энелер менен министр Каныбек Иманалиев жолугуп, мектептин директору Мадина Кубаевага: “Сиздин айыңыздан ушунча адам кыйналууда. Ал жерде нормалдуу мектеп да, документтер да жок экен”, - деп айткан.

Кубаева документтер бар экенин билдирген.

Былтыр аталган мектеп 19 улан-кызга аттестат берген. “Лицензиясы жок болсо, аларга аттестат эмненин негизинде берилген?” деген суроого 14-июлда министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жооп берген. Ал аталган аттестаттар мыйзамсыз берилгенин жана бул боюнча юридикалык баа берүү үчүн укук тартибин коргоо органдарына кайрылышканын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG