Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Амангелдиев: Санкциядан улам экспорттук товарды текшерүү күчөдү


Ош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган иллюстрация.
Ош багыттагы товарлардын Борбор Азиядан Орусияга агымы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүнөн алынган иллюстрация.

АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Түзүлгөн жагдай жана мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн АКШ өкүлдөрү менен жолугушуу пландалып жатат

"Кайсы өнүмдөр жана товарлар санкциянын алкагында кандай кооптонуу жаратып жатканын чогуу карап иш жүргүзгөнгө толук даярбыз", - деди министр.

Амангелдиевдин билдиришинче, АКШ жана Европа өлкөлөрү Кыргызстандын жана Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагына кирген кайсы товарлар жана өнүмдөр санкцияга илиниши ыктымалдыгы тууралуу маалымат бере элек.

Ал буга карабай кыргыз бийлиги экспорттук көзөмөл тизмесине киргизилген товарларды дыкат текшере баштады жана буга байланыштуу электрондук счет-фактураны колдонууну күчөткөнүн айтты.

АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган. Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду.

"Азаттык" буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

Адатта "кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG