Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Төрт айда 1800дөн ашык мас айдоочу күбөлүгүнөн ажырады


Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда төрт айда мас болуп автоунаа айдаган 1800дөн ашуун адам бир жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, мас айдоочулардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн 8-марттан бери ичимдик ичип машина айдагандар 17% азайды.

Быйыл 8-марттан тартып жол эрежесин бузган айдоочуларга карата чаралар катаалдашып, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн.

Ага ылайык, мас абалындагы айдоочулар айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Айрым жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG