Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Чолпон-Атада скутер кырсыгы боюнча шектүү күнөөсүн мойнуна алды


Ысык-Көл. Эс алуучу жайлардын бири.
Ысык-Көл. Эс алуучу жайлардын бири.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында кырсыктан каза болгон эки кишинин окуясы боюнча комментарий берди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Экөө 24-июлда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Үчүнчү адам хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.

Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү баштапкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондор 2000 жана 2004-жылкы улан, кыздар экенин, бирөө башынан, дагы бири жамбашынан жаракат алганын билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG