Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Чолпон-Атада скутерде кырсыкка кабылган үч кишинин экөө каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Чолпон-Ата шаарында скутерде кырсыктаган үч кишинин экөө каза болду. Бул тууралуу 25-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 23-июлда болгон. Бир эркек бала жана эки кыз Чолпон-Ата шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборуна түшкөн. 24-июлда эркек бала менен бир кыз каза болуп калган. Алар 2000 жана 2004-жылкы улан, кыздар экени айтылды. Бирөө башынан, дагы бири жамбашынан жаракат алган.

Дагы бир кыз хирургия бөлүмүндө жатат. Абалы туруктуу деп бааланууда.

Ысык-Көлдө сууга түшүп жаткан эс алуучулар скутердин айынан кырсыктаган окуялар буга чейин да болгон. Ушундан улам коопсуздук маселеси көтөрүлүп келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG