Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Астана Куранды өрттөө аракеттерин айыптоого кошулду


Швециядагы акциядан кийин Пакистанда нааразылыкка чыккандар.
Швециядагы акциядан кийин Пакистанда нааразылыкка чыккандар.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түндүк Европада мусулмандардын ыйык Куран китебин өрттөгөн акцияларды сындап, аны “дүйнөдөгү чыңалууну күчөтүүгө, элдер менен мамлекеттер ортосундагы ишенимди бузууга багытталган жол берилгис кутум” деп атады. Токаевдин сөзүн Акорданын басма сөз кызматы таратты.

Казак президенти диний вандализм жана жоопкерчиликсиз фактыларынын көбөйүшү айыпталууга тийиш экенин белгиледи.

Казак бийлиги "БУУнун Башкы ассамблеясы да бул маселеге олуттуу пикирин билдириши керек" деп эсептейт.

Данияда эки демонстрант 24-июлда Ирактын элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык китеби Куранды өрттөшкөн. Андан мурдараак да ушундай акция уюштурулган. Бул көрүнүш Иракта жапырт нааразылык жараткан. Бир катар мусулман өлкөлөрү муну айыптады.

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Расмуссен Курандын өрттөлүшүн “акылсыздык жана акарат” деп атап, улутчулдарды айыптаган болчу. Ошол эле учурда ал Даниянын мыйзамдары боюнча диний адабияттарды өрттөө кылмыш эместигин белгилеген.

Буга чейин Швецияда Куранды өрттөгөн акция болуп, мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан. Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырган.

XS
SM
MD
LG