Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:23

"Ооган, сириялыктар менен чогуу отурдум". Түркияда полиция кармаган кыргыз жарандары


Стамбул.
Стамбул.

Расмий Анкара өлкөдө мыйзамсыз жашап же иштеп жүргөн мигранттарга каршы күрөштү күчөттү. Түрк полициясы соңку бир айда он миңдеген чет өлкөлүктү кармап, депортациялоо борборлоруна жибергени айтылууда.

Кызматкерлер коомдук жайларды, транспортту, соода борборлорун жана көчөлөрдү кыдырып, чет өлкөлүктөрдү текшерип жатканын маалымат каражаттары байма-бай чагылдырып келет. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү оогандыктар жана сириялыктар экендиги айтылып жатат.

Деген менен алардын арасында борбор азиялык мигранттар да бар экени, алар депортациялоо борборлорунда кармалып турганы белгилүү болду.

"Жок жерден укугум тепселенди"

Стамбулда көп жылдардан бери иштеген Алибек (аты өзгөртүлдү) 15-июлда шаардын чок ортосунда көчөдө кармалып, Түркиянын Эрзинжан шаарындагы депортациялоо борборуна жөнөтүлгөн. Ал Кыргызстандан келгенине 60 эле күн болгонун, эки өлкө ортосунда 90 күн визасыз режим бар экенин айтканына карабай салып кетишкен.

"Стамбулдун Аксарай деген районунда басып бараткан жеримен полиция токтотуп документ сурады. Көрсөттүм. Паспортумду алып туруп "тетиги автобуска отургузгула" деп команда беришти. Мен Стамбулга киргениме эки ай болгонун, эч кандай мыйзам бузбаганымды айтсам да болбой, Тузла деген райондогу полиция болүмүнө алып барышты. Мени менен кошо эки немис туристти да салышты. Барганча эмне себептен мени кармашканын сурасам, "Түркияда уруш-талашка катышкан-катышпаганың текшерилет" деп жооп беришти. Бирок менин жанымдагы немистерди полиция бөлүмүнөн дароо бошотуп жиберишти. Мен да кыжалат боло баштадым. "Консулдукка чалам, мен мыйзам же миграциялык эрежени бузган жокмун" деп айтканыма кулк салбай, ошол эле түнү 16 саат алыстыктагы Эрзинжан деген шаарга автобус менен жеткизип, камап салышты".

Дүңүнөн соода кылган Лалели району. Стамбул шаары.
Дүңүнөн соода кылган Лалели району. Стамбул шаары.

Алибек эки күндөн кийин депортациялоо борборунан бошотулган. Ал ондогон ооганстандык, сириялык жана түркмөнстандык качкындар оор шартта кармалып турганын айтты.

"Эрзинжанда менин толук мааыматтарымды кызматкерлер текшергенден кийин бошотушту. Мен "эмне себептен мени кармадыңар" деп сурасам, "сени кармаган Стамбулдагы полициялардан сурап ал" дешти. Ошол жерден дароо Стамбулдагы башкы консулдукка чалдым. Бирок эч ким жооп берген жок. Укугум ак жерден тебеленди. Кимден, кантип жардам аларымды билбей кайра өзүмдүн акчам менен Эрзинжандан Стамбулга жеттим. Мага окшоп кармалган толтура түркмөн, ооган, сириялыктарды көрдүм. Кармоочу жай даараткана жыттанып, ысыкта адам чыдай албайт. Ушундай абалга кептелген чет өлкөлүктөрдүн укугун ким коргойт? Консулдук, элчиликтердин ушул жаатта бир колдоосу болобу? Мага окшоп кармалган мигранттарды ойлосом, зээним кейийт. Ал эми рейддер күчөгөндөн күчөп баратат. Үймө үй кыдырып, иштегендерди дүкөн, фабрикаларга түптүз эле кирип текшерип жатышат", - деди кыргызстандык Алибек.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын 3 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, көбү бир жылдык туристтик виза менен барган. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей калганы кез-кезде айтылып келет.

20-июлда ички иштер министри Улан Ниязбековдун Түркияга иш сапарынын алкагында өлкөнүн Миграция кызматынын башчысы Атилла Торос менен жолукканы кабарланды.

Анда кыргыз жарандарынын Түркиянын аймагында жүрүү маселесин чечүү багытында кызматташуу, кыргызстандыктар үчүн жагымдуу шарт түзүү зарыл деген пикирлер айтылды.

Түрк аткаминер кыргыз тараптын сунуштарын кылдаттык менен иликтеп чыгууга даярдыгын билдирди.

Депортациялоо борборлорунда түркмөн мигранттар көп

Ал эми 24-июлда "Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фонду" уюмуна Түркиянын Шанлыурфа провинциясындагы депортация борборуна түркмөн мигранты кайрылып, ошол жайда төрт ай кармалып турганын айткан.

"200гө жакын түркмөн Шанлыурфадагы депортация борборунда отурат. Алардын көбү депортация чечимине каршы сотко кайрылган. Түркмөнстандыктар ар кандай себептерден улам мекенине кайтып кетүүнү каалабайт. Түркияда туристтик виза жана туруктуу жашоого уруксат алууну көздөшөт. Алар кадимки мигранттар. Түркмөнстандын жарандыгынан баш тартып, Түркияда биротоло калуу мүмкүнчүлүгүн издегендер да бар. Мен отурган депортация борборунда тамак-аш, санитардык абал начар, ар кандай курт-кумурскалар бар. Үйгө чалууга беш мүнөт гана убакыт беришет, бирок кезек дайыма келе бербейт".

Укук коргоо уюмуна кайрылган түркмөнстандык мигрант ооруканадан алынган документти полицияга көрсөтүп, чукул операция керектигин айткан. Ал төрт ай дегенде кармоочу жайдан чыгып Стамбулдагы Түркмөнстандын консулдугуна кайрылган. Бирок кызматкерлер "Түркмөнстанга кайтып кет" деп жооп кайтарган.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы 9-13-июлда Түркиянын Малатия аймагындагы депортациялоо борборунда кармалып турган түркмөн мигранттары ачкачылык жарыялап, консулдуктан жардам сурашканын жазды.

"Биз ачкачылык жарыялап, жетекчилерден консулубузду чакырууну талап кылдык. Биз бул жерде айлап камалып жатабыз. 8-10 ай, бир жыл отургандар да бар. Бул убакыт ичинде биз иштебейбиз, үй-бүлөбүзгө акча жөнөтө албайбыз. Сентябрь келе жатат, балдарды мектепке даярдаш керек. Эгер биз камалып отура берсек кандай болот?", - деп кат жазган түркмөнстандык мигрант.

Ачкачылык жарыялап жаткан мигранттар Түркмөнстанга депортациялоого макул болбой, Түркиядагы түркмөн консулду чакырууну талап кылышкан. Көп өтпөй борбордун кызматкери аларды тез арада бошотууну убада кылгандыктан, ачкачылык акциясы токтотулган.

Былтыр сентябрда Түркия расмий Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандарына визасыз режимди жойгон. Укук коргоочулар белгилегендей, бул эреже Түркияда иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизүүдө.

Миграцияда жүргөн түркмөндөр консулдук кызматтан дээрлик пайдалана албай жатканын айтып, утур-утур Анкара жана Стамбул шаарларында митинг уюштуруп келет. Бирок азырынча мындан майнап чыга элек. Түркмөн мигранттары дал ушул маселеден улам Түркияда мыйзамсыз иштеп, жашоого мажбур болгонун айтышууда.

Алсак, 12-апрелде "Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фонду" уюму ушул тапта Анкарага жакын “Чанкыры” депортация борборунда жүздөй, Ван шаарында 139, Эрзурумда 200дөй түркмөнстандык кармалып турганын жарыялаган.

Укук коргоо уюму билдиргендей, Түркияда мигранттар кармалган 30 депортация борбору бар. Ал жактагы түркмөнстандыктардын көбү рейд учурунда документтеринин жоктугу же мөөнөтү өтүп кеткени үчүн кармалган.

Мыйзамсыз жүргөндөр кайтарылат

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 13-июлда мыйзамсыз миграция менен күрөш тууралуу билдирүү жасап, "Биздин жарандар кыска убакыттын ичинде мыйзамсыз мигранттар маселесиндеги көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөрдү аткарылган иштер менен сезет. Коопсуздук күчтөрүбүз чараларды жана операцияларды күчөттү", - деген.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая быйыл июнда 15 591 мыйзмасыз жүргөн чет өлкөлүк кармалганын жарыялаган. Алардын жети миңдейи мекенине депортацияланган.

Оппозициячыл партиянын өкүлдөрү ооган жана сириялык качкындардын түрк экономикасына келтирген чыгымын баса белгилеп, жалпы сумма 100 миллиард доллардан ашканын айтып келишет.

Түркияда качкындар маселеси президенттик жана парламенттик шайлоо алдында дагы бир жолу көтөрүлгөн. Шайлоо өнөктүк маалында оппозициячыл талапкер Кемал Кылычдароглу "качкындарды толугу менен үйлөрүнө жөнөтөбүз" деген эле.

Шайлоодо жеңип чыккан Эрдоган "Сирияда 1 миллионго жакын киши баш калкалай ала турчу турак жай долбоорлорун даярдадык, качкындардын өз өлкөлөрүнө кайтуусун камсыз кылабыз" деп убада берген.

Түркия дүйнөдөгү эң көп качкын кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда өлкөдө 4 миллион 800 миң качкын баш калкалайт. Анын 3 млн 700 миңи сириялыктар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG