Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кыздын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан cүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан cүрөт.

Чүй облусундагы Аламүдүн суусуна агып кеткен, бир жумадан ашык убактын бери изделип жаткан бир жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык, наристенин сөөгү кырсык болгон жерден эки чакырым алыс, дарыянын "Таштар-Ата" дачасынын аймагынан табылган.

Кырсык 18-июлда катталган, бир жашар кызы сууга аккан келин аны куткарам деп өзү дагы чөгүп кеткен.

Аталган министрликтин билдиришинче, ушул жылдын июнь айынан бери 55 киши сууга чөгүп мерт болду. Алардын 21и балдар. Былтыр ушул маалда 48 өлүм катталган, быйыл сууга чөгүп көз жумгандардын саны 18% өстү.

Буга чейин аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тан ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көбөйдү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашуун жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун, ошондуктан милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн кабарлаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Мындай кырсыктардын басымдуу көпчүлүгү жайкы эс алуу мезгилинде Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и - он эки жашка чейинки балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG