Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Беларуста Тихановскийлердин батири аукциондо сатылды


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Давостогу экономикалык форумда. 19-январь, 2023-жыл. Швейцария.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Давостогу экономикалык форумда. 19-январь, 2023-жыл. Швейцария.

Бозгундагы беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен анын түрмөдөгү күйөсү Сергей Тихановскийдин Минскидеги үч бөлмөлүү батирин бийлик аукциондо 80 миң долларга сатты. Бул тууралуу "Зеркало" басылмасы жазды. Аукцион 13 саатка созулган.

Маалыматка караганда, бул баага батирдин ичиндеги ашкана эмеректери, техникасы жана башка буюм-тайымдар да кирген.

Тихановскийлердин аукционго коюлган батири.
Тихановскийлердин аукционго коюлган батири.

Тихановскийлердин батири 2022-жылдын сентярь айында камакка алынган. Популярдуу блогер, Ютубдагы "Жашоо үчүн мамлекет" долбоорунун негиздөөчүсү Сергей Тихановский жапырт башаламандык уюштуруу, кастыкты козутуу, Боршайкомдун ишине тоскоолдук жаратуу деген айыптардын негизинде кармалган.

2021-жылдын соңунда 18 жылга эркинен ажыратылган. Атайын кызмат аны "терррордук ишмердикке тиешеси бар" адамдардын тизмесине кошкон. Быйыл февралда Тихановский жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин талаптарына баш ийбегени үчүн кошумча бир жарым жылга кесилген.

Светлана Тихановская 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого каршы өз талапкерлгин койгон. Көз карандысыз адистердин эсебинде шайлоодо Тихановская реалдуу жеңүүчү болгон. Ал шайлоодон көп өтпөй өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ага каршы бир катар айыптар боюнча кылмыш иши козголуп, сыртынан 15 жылга кесилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG