Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

АКШ "Вагнердин" Нигердеги кутумга катышы бар деген сөзгө комментарий бербейт


Нигердин борбор шаарында төңкөрүштү колдогондордун акциясы. 27-июль, 2023-жыл.
Нигердин борбор шаарында төңкөрүштү колдогондордун акциясы. 27-июль, 2023-жыл.

АКШ "вагнерчилердин" Нигердеги кутумга катышкан белгилерин байкай элек.

Бул тууралуу 27-июлда Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ведант Патель билдирип, ар кандай айың кептерге комментарий бербестигин кошумчалады.

Ак үй Нигердин президенти Мохамед Базумду төңкөрүү аракетин айыптай турганын буга чейин билдирген.

27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар мамлекет башчы кызматынан четтетилгенин, коменданттык саат киргизилгенин, чек аралар жабылганын жарыялаган.

Маалыматтарга караганда, президенттин гвардиясы Базумду резиденциясынан чыгарбай, курчоого алган.

Ошол маалда ага АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш чалып, колдоо билдирген.

Кутумду Нигердин мурдагы метрополиясы Франция жана бир катар башка өлкөлөр айыптаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров төңкөрүш аракетин "Конституцияга каршы келген кадам" деп атап, аны Украинада 2014-жылы болгон окуяларга салыштырган.

Кремлчил блогерлер менен талдоочулар кутумду кубаттап, Нигер Франциянын таасир чөйрөсүнөн чыгып, орусиячыл саясат жүргүзө турганын жазууда.

Аскердик козголоңду башынан кечирген кошуна Мали жана жакында төңкөрүш ишке ашкан Борбордук Африка жумуриятында "Вагнердин" жалданма согушкерлери жүргөндүктөн, алар Нигердеги окуяларга да аралашкан болушу ыктымал деген түкшүмөлдөр айтыла баштаган.

Орусиядагы айрым Телеграм-каналдар, анын ичинде "Вагнерге" жакын булактар Нигердин баш калаасында Францияга каршы ураандар жаңырган, катышуучулар орус желектерин көтөрүп чыккан демонстрациядан сүрөттөрдү жарыялаган.

Нигердеги окуялар Санкт-Петербургда Орусия-Африка саммити өтүп жаткан маалга туш келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG