Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:20

Ак-Сайдын тургундары Орунбеков боюнча президентке кайрылды


Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранды.

Президент Садыр Жапаровдун атына жазылып, 20дан ашык адам кол койгон катты “Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Гүлгакы Мамасалиева Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

“24-июлда сиздин басма сөз катчыңыз (ред.: президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы) Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасынан такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сай айылынын Жеңиш Дубанаев аттуу тургунубузду күнөөлүү кылып, аны "мас абалында болгон" деп жазып чыкты. Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, тажик элине да тарап, алар өз каналдарында “мына Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы тастыктады, демек, бул туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт” деп күнөөлөшүүдө”, - деп айтылат катта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда кечке жуук кыргыз-тажик чектеш аймактарынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлаган. Машинеде Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бараткан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарынын жолун сегиз автоунаадан турган колонна менен Ворух анклавынан Кожалы (Хожа-Алъо) айылына багыт алган тажик жарандары кесип, натыйжада Дача тилкесинде тараптардын ортосунда мушташ чыкканы кабарланган.

Дайырбек Орунбеков чыр кантип тутанганы тууралуу маалымат берип, Фейсбуктагы баракчасына жаңжалда үч кыргыз жараны сабалганын, анын алдында мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалап салганын жазган.

Бирок Фейсбуктагы бул билдирүүсүн көп өтпөй алып салган жана анын себебин түшүндүрө элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG