Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

АКШ Украинага "Абрамс" танктарын сентябрда жөнөтөт


АКШ армиясынын "Абрамс" танктары. Кувейт. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
АКШ армиясынын "Абрамс" танктары. Кувейт. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Кошмо Штаттар Украинага "Абрамс" танктарын сентябрда жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Вашингтон августта бир нече танкты Германияга жөнөтүүнү пландап жатат. Ал жактан модернизациядан өткөрүлүп анан Киевге биринчи партиясы жиберилет.

Politico журналы белгилегендей, АКШ Германияга "Абрамс" танктарынын эски үлгүлөрүн жөнөтөт.

Биринчи партияда алтыдан сегизге чейин танк болот. Жалпысынан АКШ Украинага 31 танк жиберүүнү көздөп жатат. Оор аскердик техниканы жөнөтүү иши кечеңдеп жатышынын бир нече себеби бар. Анын бири - украин танкисттерин машыгуудан өткөрүү.

Украин аскерлери бул үчүн Германияда он жумалык атайын курстан окушат.

Ушу тапта украин армиясы контрчабуулда немистердин "Леопард" танктарын колдонууда. Украиндерге ошондой эле британиялык "Челленжер" танктары берилген. Азырынча алар согуш талаасында көрүнө элек.

XS
SM
MD
LG