Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Львова-Белова Украинадан 700 миңден ашык бала алынып келгенин билдирди


Март айында Эл аралык кылмыш соту Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган.
Март айында Эл аралык кылмыш соту Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган.

Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белова согуш башталгандан бери Украинадан 4,8 миллион адам "кабыл алынганын", алардын 700 миңден көбү балдар экенин билдирди.

Анын баяндамасына ылайык, балдарды көбү ата-энеси, туугандары менен келген. Алардын арасында 1,5 миңдейи балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ата-энесиз калган томолой жетимдер болгон жана айрымдары асырап алууга берилген.

Ушул жылдын март айында Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Львова-Белованы камоо жөнүндө ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып кеткенине байланыштуу айып коюлган.

Буга чейин Украинадагы согуш маалында Орусия 20 миңдей жашы жетек элек баланы чыгарып кеткен болушу ыктымал экенин айткан.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдардын сыртка алып кетилгени эл аралык укук боюнча геноцидге тете кылмыш болуп эсептелет.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечимин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG