Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Орусия санкцияга карабай кош максатта колдонулуучу чиптерди импорттогон


Чет элдик чиптер орнотулган Орусиянын Х-101 канаттуу ракетасы.
Чет элдик чиптер орнотулган Орусиянын Х-101 канаттуу ракетасы.

Акыркы жарым жыл ичинде эле Орусия санкцияларды буйтап өтүп, жалпы суммасы жарым миллиард долларды түзгөн Батыш компанияларынын чиптерин импорттогон. Бул чиптер курал-жабдык чыгарууда да колдонулушу мүмкүн. Андан тышкары коргонуу өндүрүшү үчүн миллиондогон долларга жабдыктар жана жарандык авиация үчүн тетиктер киргизилген. Бул тууралуу "Верстка" басылмасы жазды.

Журналисттер жабык бажы статистикасынын жардамы менен Орусияга 1-январдан 1-июлга чейин киргизилген санкциялык буюм-тайымдардын көлөмүн эсептеп чыгышкан.

Орусияга тыюу салынган товарлар негизинен Кытай, Гонконг, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия аркылуу реэкспорт болору кабарланган. Ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Өзбекстан дагы маанилүү роль ойноору иликтөөдө белгиленген. Андан тышкары Италия, Германия жана Эстониядагы компаниялар Евробиримдиктен түз жеткирүү менен алектенерин "Верстканын" журналисттери аныкташкан.

"Азаттык" радиосунун июнь айындагы иликтөөсү Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган, бир эле учурда жарандык да, аскердик да өндүрүштө колдонула турган товарлар Кыргызстанда жана Казакстанда түзүлгөн компаниялар аркылуу Орусияга кирип жатканын, алардын көбүнүн артында орус жарандары турарын, айрымдарынын орус армиясына катышы бар экенин көрсөткөн.

Иликтөөдө сөз болгон, Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына АКШ 20-июлда санкция салды. Алардын баары Орусия Украинага басып киргенден кийин ачылган.

XS
SM
MD
LG